«Umai-2023» сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды

«Umai-2023» сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды

Казакстанда «Umai-2023» улуттук сыйлыгына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Салттуу сынактын жеңүүчүлөрү 4 негизги багыт боюнча тандалат. «Театр искусствосу», «Музыкалык жана аткаруучулук өнөр», «Хореографиялык искусство», «Сүрөт тартуу жана көркөм-колдонмо искусство» багыттары боюнча артыкчылыктар аныкталат. Быйыл наамдардын саны 29га көбөйтүлдү. Жалпы байге фонду 79 миллион теңгени түзөт. 2021-жылдын аяк оона айынан 2023-жылдын теке айына чейин театр же концерттик сезонго катышкан командалар жана жеке аткаруучулар баш байгени ала алышат. Ал эми сүрөтчүлөр жана көркөм-колдонмо искусство чеберлери 2021-жылдан эрте бүтпөгөн эмгектерин сунуштоо аркылуу жөндөмдөрүн сынай алышат. Арыздар бештин айынын 5не чейин кабыл алынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков