Референдумду түшүндүрүү иштери

Референдумду түшүндүрүү иштери

Бугу айынын 31и өлкөдө репрессия жана ачарчылык курмандыктарын эскерүү күнү. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, 1927-53-жылдары Казакстанда 125 миңден ашуун адам репрессияга кабылган. Алардын 25 миңи атылган. Бул репрессия жылдарында республика боюнча 953 лагерь болгон. Казакстанда 20дан ашык ГУЛАГ лагери жайгашкан. Жазыксыз жазалангандардын арасында Алаш активисттери жана башка улут интеллигенциясынын өкүлдөрү бар. Акмололук аялдар лагери («АЛЖИР») ошол жылдардагы ырайымсыздыктын жана айоосуздуктун кара тамгасындай болгон. Бул жерде саясий туткундардын жакын туугандары, аялдары жана балдары камалган.

Казакстанда «Массалык саясий репрессиялардын курмандыктарын актоо жөнүндө» мыйзам өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин 1993-жылдын чын куран айынын 14дө кабыл алынган. Бул жылдарда 146 миң бейкүнөө мекендештердин ысымдары жазылган «Аза китеби» жарык көргөн. Мыйзамсыз репрессиянын курмандыктарынын 340 миңден ашууну акталып чыккан.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков