Ата-бабадан калган салттарды сактоо

Ата-бабадан калган салттарды сактоо

Ээр-токум даярдап, камчы өрөт. Колунан көөрү төгүлгөн чебер камчыдан тышкары жүгөн, ооздукту да жасайт. Өзүнүн өзгөчө иш ыкмасы да бар. Атадан калган өнөрдү өздөштүргөн  Руслан бүгүнкү күндө 4төн 12 өрүмгө чейин камчы жасайт. Ал бала кезинен бери бул кесип менен алектенип келет. Деген менен акыркы 5 жылдан бери кесипкөйлүккө бет алды. Анын колунан жасалган буюмдарга суроо-талап чоң. Эмгеги бааланып, жергиликтүү бийлик тарабынан кайтарымсыз грантка ээ болду. Чебер келечекте ишкерлигин кеңейтүүнү пландоодо.

Руслан Арынбаев, Карасай баатыр айылынын тургуну:

Камчынын терисин өзүм иштетсем деген үмүт бар. Бир-эки жолу жасадым, кичине кемчиликтери болду. Колго жасалган булгаары укмуш эми. Алар сууга чыдамдуу, терге чыдамдуу жана оңой менен үзүлбөйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков