Тиешелүү мыйзам долбоорун сенаттын депутаттары жактырышты. Документти Сүйиндик Алдашев тааныштырды. Анын айтымында, Кытай менен келишим 2019-жылдын күзүндө Пекинде түзүлгөн. Анын максаты кырсыкка учураган жүргүнчүлөрдү жана экипажды издөө жана куткаруу боюнча мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү болуп саналат. Ошондой эле, келишимдин алкагында эки тараптын издөө-куткаруу иштеринин биргелешкен машыгуулары уюштурулат. Буга кошумча эки өлкөнүн адистери тажрыйба алмашуу менен билимдерин өркүндөтүшөт.
Сүйиндик Алдашев, Парламент сенатынын депутаты:
- Экинчиден бардык издөө-куткаруу иштери Казакстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын аймагында, ошондой эле чектеш аймактарда ар бир мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Үчүнчүдөн, ар бир тарап өзүнүн аймагында жарандык аба кемелеринин издөө жана куткаруу кызматкеринин жоопкерчилигин, жеткиликтүүлүгүн жана 24 саат бою кызмат кылуусун камсыздайт. Төртүнчүдөн, келишимде тараптардын авиациялык окуя жөнүндө өз ара кабар алмашуу жана экинчи тараптан жардам сурап кайрылуу милдети каралган.
Казакстан менен Швейцария баалуу металл буюмдардын эн белгисин өз ара таанышат
Ошондой эле, Сенат ратификациялаган дагы бир мыйзам - бул Казакстан менен Швейцариянын ортосундагы баалуу металлдардан жасалган буюмдардын эн белгисин өз ара таануу жөнүндөгү келишим. Документ өлкөлөр ортосундагы баалуу металлдардан жасалган зергерчилик буюмдар соодасын өнүктүрүүгө жана металлдын курамын кайра текшерүү, ошондой эле маркалоо процедурасын жөнөкөйлөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Белгилей кетсек, келишимге жетинин айынын 21де Женевада кол коюлган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков