РЕФЕРЕНДУМ - 2022: Германияда Казакстан жарандарынын 85% добуш берди

РЕФЕРЕНДУМ - 2022: Германияда Казакстан жарандарынын 85% добуш берди

Германиядагы мекендештер жалпы элдик референдумга активдүү катышты. Добуш берүүнү каалаган казакстандыктардын 85% өз тандоосун жасады. Алардын арасында студенттер, Германияда иштеген жарандар, дипломаттар жана алардын үй-бүлөлөрү бар. Негизинен Казакстан жарандары үчүн эки шайлоо участогу иштеди. Бири Казакстандын Берлиндеги элчилигинде, экинчиси Франкфурт-на-Майнедеги Башкы консулдукта ачылды.

Айнур Матаева, Берлин  шаарынын тургуну:

- Мен Берлиндеги «Мирас» казак маданий борборунун төрайымы болом. Казакстан үчүн маанилүү болгон референдумга атуулдук парзыбызды аткаруу үчүн келдик. Эс алуу күнүнө карабай, балдарыбызды кошо ала келип, бизди көрүп, үлгү болсун деп үй-бүлөбүз менен референдумга катышып жатабыз.  Добушубузду бердик, кызым жардам берди.

Нурхамила, турист:

- Германияга болгон сапарым референдумга туш келди. Мен өлкөдөн алыс болсом да, өзүмдүн тандоомду жасагым келди. Ошондуктан добуш берүүгө келдик.

Ал эми Грузияда референдумга катышуу боюнча рекорддук көрсөткүч катталды. Статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкөдөгү мекендештердин 100 пайызы добуш берди. Грузияда бир гана шайлоо участогу иштеди. Тбилисиге өлкөнүн бардык булуң-бурчунан казакстандыктар агылып келип, өз добуштарын беришти.

Жазира Мырзакасымова, Казакстандын  Грузиядагы элчилигиндеги №277  участкалык комиссиясынын төрайымы:

- Бүгүн Казакстандын Грузиядагы элчилигинин шайлоо участогуна казакстандык жарандардын баары келди. Биздин тизмеде барлар да, жоктор да башка шаарлардан көп туристтер келишти. Боржоми, Батуми, Тбилисиден канча алыс экенин билесиздер. Бирок ага карабастан эртең мененки саат 7де ачылгандан баштап баары келип добуштарын беришти. Элдин 100 пайызы добуштарын берди. Мындай добуш берүү Тбилисиде биринчи жолу болуп жатат. Бизде бузулган бюллетендер катталган жок. Баарын санап чыктык. Протоколду түздүк. Эми аны Казакстанга Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөбүз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков