40 миңден ашык блокчейн адиси даярдалат

40 миңден ашык блокчейн адиси даярдалат

Казакстан глобалдык блокчейн хабына айланууга даяр. Республика  блокчейн тармагында дүйнөдөгү эң ири билим берүү демилгесин ишке ашырууну мерчемдеп жатат. Келерки жылдын аяк оона айында 22 жогорку окуу жайларында блокчейн инженериясы жана блокчейн комплаенс курстары башталат. Ал эми мугалимдер үчүн тренингдер 2023-жылдын бирдин айында уюштурулуп, бугу айына чейин уланат. Программа төрт этапта ишке ашырылат. 2026-жылга чейин 40 миңден ашык адамды окутуу көздөлгөн.

Нурбек Сапакожоев, илим жана жогорку билим берүү министрлиги комитетинин төрагасынын орун басары:

- Биринчиден, курстарды, жеке предметтерди окутууну баштоону пландап жатабыз. Келечекте блокчейн боюнча адистерден сырткары экономика бөлүмүн да ачабыз. Башкача айтканда, студент экономист же финансист да боло алат. Буга кошумча блокчейн инженери жана программист кесибине ээ болуп чыгат. 2025-жылы блокчейн инженериясы боюнча 2 миң аспирант бүтүрөт.

Жасулан Мадиев, Казакстан блокчейн экосистемасынын менеджери:

- Бул долбоордун глобалдык масштабы бар, ал Борбор Азия өлкөлөрүнө жана регионуна гана эмес, бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизет. Блокчейн экономиканын каалаган секторун, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү секторун жакшырта алат. Блокчейнди колдонуу ачыктыкты камсыз кылат. Бизнес жана мамлекеттик сектордогу жараяндарды оптималдаштырат. Жана мамлекеттик системалардын, маалыматтардын коопсуздугун камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков