Мамлекет башчысына каржы
министри республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча баяндама жасады. Мади
Такиевдин айтымында, быйыл бюджетке 21,6 триллион теңге көлөмүндө киреше
түшкөн. Анын 15 триллион теңгесин салыктык түшүүлөр түзөт. Бул – өткөн жылга
салыштырмалуу 23% жогору. Ал эми тогуз айдын жыйынтыгы боюнча бюджет 101%
аткарылып, анын социалдык багыты сакталып отурат. Ошондой эле Касым-Жомарт
Токаевге мамлекеттик каржыны санариптештирүүнү илгерилетүү иштери жөнүндө
маалымат берилди. Бул учурда Big Data калыптандырууга жана толуктоого, ошондой
эле салык жана бажы тармактарына жасалма интеллектти киргизүүгө өзгөчө маани
берилет. Президент бул багыттар боюнча системалуу ишти улантуунун маанилүүлүгүн
белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

