Президенттин алдындагы жаш кадрлар резервине тандоо башталат. Мамлекеттик сектор үчүн 50 адам тандалып алынат. Мамлекеттик кызмат иштери агенттигинен билдиришкендей, сынакка 35 жашка чейинки, билими жогорку жана беш жылдан кем эмес иш билгиси (стажы) бар өлкө жарандары катыша алат. Тандоо жараянында талапкерлердин татаал текст жана санариптик маалымат менен иштөө, ситуациялык маселелерди чечүү жөндөмдүүлүгү бааланат. Тандоодо киргизилген жаңычылдыктардын бири - талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли. Аны Qaztest же Qazaq Resmi Test сертификаттары менен ырасталышы шарт. Резервдик мөөнөт 3 жылды түзөт. Документтерди кабыл алуу жана дараметтүү резервчилерди тандоо адистештирилген онлайн -платформада жүргүзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков