Казакстандыктар кезектеги рекорд менен КинЭС китебине кирди. Кеп өлкөдө даярдалган боорсоктордун эң көп саны жөнүндө болуп жатат. Костанай облусундагы айылдардын биринин тургундары 2339 килограмм 650 грамм улуттук тамакты даярдашты. Казакстандык рекорддор китебинин расмий өкүлү аталган эмгекти каттады. Ошол эле учурда буга чейинки жетишкендиктер да ушул Камысты айылынын тургундарына таандык. Бул жолу борбордук аянтка боз үйлөр, чатырлар тигилип, казандар асылды. Катышуучулардын айрымдары камыр жайып, башкалары кесип, айрымдары кууруп, ал эми калгандары боорсоктордун санын дыкаттык менен эсептеп чыгышты.
Валентина Корниенко,
рекорддун катышуучусу:
- Мындай иш-чараларды райондук деңгээлде уюштуруу абдан жакшы.
Баарыбыз чогулуп, ушундай иш-чараларга катышууну каалайбыз. Бардык айыл менен
чогулуп, көңүлдүү убакыт өткөрдүк. Жалпы кызыкчылыкка бириктик. Сонун эмеспи. Баарыбыз
биригип намысты коргодук.
Белгилей кетсек, элет тургундары жаңырткан биринчи рекорд
былтыр Казакстандын маалымат-энциклопедиялык маалымдамасына кирген. Ал учурда, калктуу-конуштун
тургундары 2300 кар киши жасашкан.
Куандык Кудайбергенов, Казакстандын рекорддор китебинин расмий өкүлү:
- Бүгүн казакстандык гана эмес, дүйнөлүк рекорд дагы коюлду. Анткени Казакстанда биринчи жолу эң чоң көлөмдө кар киши жасалды. Демек, бул биздин өлкөнүн эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендик. Себеби 2018-жылы катталган Харбиндин рекорду жаңыртылды. Ошол 2018-жылы алар 2018 кар киши жасаган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков