Бишкектеги казак киносунун күнү

Бишкектеги казак киносунун күнү

Бишкекте “Мукагали” жана “От” аттуу казакстандык эки тасма көрүүчүлөргө тартууланды. Премьера Казак киносунун күнүнүн алкагында өттү. Режиссер Болат Калымбетов тарткан «Мукагали» тасмасы көрүүчүнү акындын чыгармачылыгы менен гана эмес, өмүр жолу, билими, ички дүйнөсү менен тааныштырат.

Болат Калымбетов, тасманын режиссеру:

- Ал казактын улуу акыны Мукагали Макатаевдин 90 жылдыгына арналды. Акын жөнүндө эмес, анын тагдыры, жашаган чөйрө, ошол кылым жөнүндө. Мукагали Макатаев эмне үчүн 45 жашында эрте каза болду? - деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

Казак киносунун эки күндүк фестивалынын алкагында көрсөтүлө турган дагы бир тасма “От” деп аталат. Киносынчылардын айтымында, режиссер Айжан Касымбектин бул чыгармасы кыргыз көрөрмандарына жагат. Анткени, комедияда көрсөтүлгөн социалдык маселелер жергиликтүү элге абдан жакын.

Артык Суюндуков, кино режиссер:

- Акыркы жылдары Борбор Азия киносу тууралуу маалымат азайып кетти. Ошондуктан тажик, өзбек, түркмөн, казак киносу тууралуу тереңирээк билип, жалпы долбоорлорду ойлонушубуз керек. Бул көрүүчүлөр үчүн керектүү дүйнө.

Боордош Кыргыз Республикасы казак киносунун бет ачаары болгон биринчи өлкө болду. Планга ылайык, жыл аягына чейин 15 мамлекетте дагы уюштурулат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков