Президент Жетисуда

Президент Жетисуда

Туризм Жетису облусунун экономикасынын негизги кыймылдаткычы болууга  тийиш. Бул тууралуу мамлекет башчысы Талдыкорганга болгон иш сапарынын алкагында билдирди. Казакстандын президенти инженердик-коммуникациялык тармактарды туристтик жана рекреациялык аймактарга кошуу, ошондой эле аймактын туристтик дараметин жогорулатууну активдүү түрдө баштоо зарылдыгын белгиледи. Деген менен бүгүнкү күндө бул багытта иштер кызуу жүрүп жатат. Жолдор оңдолуп, Учарал аэропортунун учуп-конуу тилкеси жаңыртылды. Экологиялык туризмди өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. «Жонгар Алатауы» жана «Алтын-Эмел» улуттук жаратылыш сейил бактарында жалпы наркы 1 миллиард 7 миллион теңгелик 8 инвестициялык долбоор ишке ашырылат. Жалпысынан облуста туристтерди тейлөөнүн көлөмү 16 миллиард теңгеге чейин өстү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Жалпысынан облуста туристтик объектилер жетиштүү. Ошондуктан анын баарына маани берилип, тиешелүү деңгээлде иштелип чыгышы керек. Туризм Жетису облусунун экономикасынын артыкчылыктуу багыты болууга тийиш. Туристтер канчалык көп келсе, аймакка ошончолук оң таасирин тийгизет. Облустун туризм тармагындагы дарамети абдан чоң.

Сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев Жетисудагы ири ишканалардын бири – цемент заводуна барды. Казакстан-Сингапур биргелешкен ишканасы кургак ыкма менен жылына 1,5 миллион тонна материал өндүрөт. Өнүмдөр Кыргызстан менен Өзбекстанга экспорттолот. Облус акими Бейбит Исабаев президентке жалпы облустун экономикалык өнүгүүсү тууралуу айтып берди. Алсак, өндүрүштүн көлөмү дээрлик 6 пайызга өсүп, мында 500дөн ашык ишкана иштеп жатат. Жылдын аягына чейин дагы 14 өнөр жай объектиси ишке киргизилет. Аймак инвесторлор үчүн кызыктуу быйыл дээрлик 214 миллиард теңге каржы тартылды.

Касым-Жомарт Токаевдин Жетису облусуна болгон иш сапары Каратал районунда уланды. Мамлекет башчысы Үштөбе шаарында быйыл пайдаланууга берилген Каратал тарыхый-чөлкөм таануу музейине барды. Бул жерде археологиялык экспонаттар жана этнографиялык эстеликтер коюлган. Президентке Каратал районунун тарыхы, анын атасы – жазуучу Кемел Токаев, эл артисти Бикен Римова жана аталган аймактан чыккан белгилүү инсандар тууралуу жаңы маалыматтар берилди. Муну менен катар райондун гүлдөп, өнүгүп келе жатканын башка объектилерден да көрүүгө болот. Мамлекет башчысы Үшаралда быйыл пайдаланууга берилген медициналык клиника, мектеп жана гуманитардык колледжде болду. Буга кошумча, Касым-Жомарт Токаев коңшу Калпе айылынын инфраструктурасы менен таанышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков