Бул референдумда ар бир жарандын добушу маанилүү. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине видео кайрылуусунда билдирди. Конституциянын отуздан ашык беренесине өзгөртүү киргизүү көздөлүп жатат. Мунун баары жарандардын кызыкчылыгында экенин белгилеген президент казакстандыктарды кулжа айынын 5деги саясий өнөктүккө катышууга чакырды. Айта кетсек, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жалпы элдик референдум аркылуу ишке ашат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Шайлоо участогунда Сиздин добушуңуз коомдук турмуштун адилеттүү жана түшүнүктүү жаңы эрежелерин аныктоодо маанилүү жана чечүүчү ролду ойной алат. Сиз шайлоо участкасына баруу менен элибиздин биримдиги, ынтымагы бекем экенин көрсөтөсүз. Мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүп жаткан геостратегиялык чөйрөдө жана өлкөбүздүн алдында турган татаал милдеттерди чечүү үчүн биздин биримдигибиз жана ынтымагыбыз бекем болушу керек. Чыныгы демократия — бул жалпы ишке ар бир жарандардын жигердүү жана аң-сезим менен катышуусун билдирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков