Түркестан облусунда агро өнөр жай комплекси курулат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Ордабасы районунда атайын аймак бөлүнгөн. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар, малды бордоп-коргоо жайлары болот. Ишкерлер жер тилкесин бекер ала алышат. Ошондой эле инженердик инфраструктура системасы менен камсыздалган. Учурда 66 ишкер жаңы өндүрүштүк жайларды ачып, бизнес баштоого каалоолорун билдиришкен. «Бадам» өндүрүштүк аймагында азыр төрт завод толук кубаттуулукта иштеп жатат. Жакында дагы эки ишкананын курулушу аяктайт. Жүз гектар жерди ээлеген өндүрүштүк комплекстин жыйырма гектары гана бош турат. Адистер эки этапты камтыган инфраструктуралык система жыл аягына чейин бүтөрүн айтышууда.
Фатима Ташимова, Ордабасы районунун чарба бөлүмүнүн башчысы:
Бизде азыр 400 гектар аянтка жаңы агро өнөр жай аймагы курулганы турат. Ага керектүү жер белгиленген. Малды бордоп семиртүүчү аянттар курулат. Азыр жергиликтүү бюджеттин эсебинен жол, суу, жарык инфраструктурасы курулуп жатат. Комплексте бордоп семиртүүчү аянттардан тышкары тоют базалары, продукцияны кайра иштетүүчү цехтер болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков