Казакстандын 5 облусунда суу каптоо коркунучу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин учурдагы чыңалган мезгилде кооптуу аймактарды атады. Бул тизмеге Акмола, Чыгыш Казакстан, Караганды, Костанай жана Түндүк Казакстан облустары кирди. Жалпысынан республика боюнча суу каптоо коркунучунда турган 285 калктуу конуш, 300гө жакын автоунаа жана 600дөн ашык темир жол тилкелери бар. Бүгүнкү күндө ири суу сактагычтардын орточо сыйымдуулугу 60-70% түзөт. Муну менен катар, кароосуз калган 25 гидротехникалык курулуштар боюнча кооптонуулар бар. Саны көбөйбөсө да, азайбайт. Былтыр алардын саны 10го жеткен. Быйыл 6 суу сактагычты, калган 19ун 2025-жылдын аягына чейин калыбына келтирүү мерчемделүүдө. Синоптиктердин маалыматы боюнча, жалган куран айында Казакстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы нормадан эки градуска жогору болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков