Президент Окуу-агартуу министри Гани Бейсембаевди кабыл алды

Президент Окуу-агартуу министри Гани Бейсембаевди кабыл алды

Жыл аягына карата мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 81 миң орун ачуу көздөлүп жатат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын кабыл алуусунда Окуу-агартуу министри билдирди.  Окуу программасындагы жаңылыктар 1-4-класстын окуучуларын күтүп жатат. Алар толугу менен акысыз тамак-аш менен камсыз кылынат. Ошондой эле, билим берүү уюмдарын сигнал баскычтары, лицензиясы бар күзөтчүлөр, турникеттер жана оперативдүү башкаруу борборлоруна туташтырылган видеобайкоо системалары менен жабдуу мерчемделүүдө. Орто кесиптик билимге келсек, быйыл колледждин студенттеринин 80 пайызы бекер окушат. Ал эми аяк оона айынан баштап алардын стипендиясы 50 пайызга, кийинки жылы 100 пайызга көтөрүлөт. Дагы бир жакшы жаңылык: ишканалар окуу жараянына колледж бүтүрүүчүлөрүн милдеттүү түрдө ишке орноштуруу өнөктүгүнө катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков