Касым-Жомарт Токаевдин Кызылорда облусуна болгон иш сапары Сырдарыя районундагы айылга баруудан башталды. Президент борбордук аянтты жана спорт комплексин кыдырып чыкты. Алар жергиликтүү ишкананын колдоосу менен курулган. Акыркысы - райондогу алдыңкы айыл чарба структураларынын бири. Спорт комплексинде айыл тургундары футбол, волейбол, үстөл тенниси жана күрөш менен машыгышат. Бул жерде Мамлекет башчысы жаштар менен баарлашып, мамлекеттин келечеги өсүп келе жаткан муундун ден соолугунан көз каранды экенин белгиледи. Жалпысынан, Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, Кызылорда облусун өнүктүрүү чоң мааниге ээ. Ал эми Президент дүйнөдөгү азыркы оор геосаясий кырдаалда Казакстан үчүн ийгиликтин жана гүлдөп-өнүгүүнүн үлгүсү катары биримдик жана аракет деп эсептейт. Өз кезегинде жергиликтүү тургундар Касым-Жомарт Токаевге айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Айылда жаштардын
жашоосу жана жумушу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Ушундай айылдар дагы көбүрөөк
керек. Бул үчүн бизде толук мүмкүнчүлүктөр бар. Мен ишкерлер менен жолукканда
дайыма айылдарга инвестиция салып, өнүгүүсүнө жардам берүүгө чакырам. Наги
Ильясов атындагы айыл башка калктуу-конуштарга үлгү болууга тийиш. Башка облустар
дагы айылдарын өнүктүрөт деп ойлойм.
Мамлекет башчысы
буга кошумча Кызылорда облусундагы маанилүү объектилердин долбоорлору менен
таанышты. Атап айтканда, Коркыт Ата аэропортунун жаңы терминалы. Ал келерки
жылы ишке берилет. Аба порту саатына 250 адамды тейлей алат. Ал эми бул
каттамдардын санын көбөйтүп, багыттарды кеңейтет. Долбоордун наркы 20 миллиард
теңге, каражаттын басымдуу бөлүгү демөөрчүлүк колдоо болуп саналат. Мамлекет
башчысына Кызылорда-Жезказган автожолунун курулушунун жүрүшү, Батыш Европа –
Батыш Кытай эл аралык автомагистралынын Кызылордадан Актөбе облусунун чек
арасына чейинки бөлүгүндө төрт тилкелүү кыймылды уюштуруу боюнча
долбоордун-сметалык документтерин иштеп чыгуу тууралуу маалымат берилди. Андан
соң президентке жаңы ЖЭБдин долбоору сунушталды. Долбоорду 2025-жылдын аягына
чейин ишке киргизүү пландалууда. Мамлекет башчысынын айтымында, жаңы ЖЭБ
өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна олуттуу салым кошот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков