Президент К. Токаев Коргоо министрин кабыл алды

Президент К. Токаев Коргоо министрин кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Коргоо министрин кабыл алды. Руслан Жаксылыков Президентке мекеменин 2023-жылга карата ишинин жыйынтыгы боюнча отчёт берди. Ошондой эле, министр өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку Башкы колбашчысына аскерлерди күжүрмөн даярдоонун жаңы ыкмалары жана окуу-машыгуу полигонунун абалы тууралуу айтып берди. Белгиленгендей, бүгүнкү күндө коргонуу жаатында мамлекеттик буйруктарды аткарууга жана жаңы үлгүдөгү учактардын келүүсүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Атап айтканда, учкучсуз комплекстер, абадан коргонуу күчтөрүнүн курал-жарактары, модернизацияланган бронетехника жана байланыш каражаттары. Өз кезегинде мамлекет башчысы Казакстандын тынчтык орнотуучу контингентинин БУУнун алкагындагы миссияларга катышуу үчүн дараметин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Касым-Жомарт Токаев тиешелүү мекеменин алдына бир катар милдеттерди койду. Биринчи кезекте ата мекендик коргонуу ишканалары менен өз ара аракеттенүү, аймактык коргонууну, Атайын операциялык күчтөрдү өнүктүрүү жана аскердик-патриоттук иштерди күчөтүүнү тапшырды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков