Актауда таттуу тамак фестивалы

Актауда таттуу тамак фестивалы

«Balqaimaq - Food Fest». Актауда кулинардык фестиваль өттү. Иш-чара Каспий деңизинин жээгиндеги тематикалык паркта болду. Ага жергиликтүү ресторан жана кафелердин 20дан ашык ашпозчулары катышты. Фестивалдын өзгөчөлүгү «Кондитерлердин салгылашы» болду, анда финалисттер реалдуу убакыт режиминде ат салышты. Кондитердик азыктарды белгилүү кесипкөйлөрдөн турган эксперт калыстар гана эмес, коомчулук да баалады. Фестивалда улуттук тамак-аштардын жарманкеси да өттү. Жергиликтүү ишкерлер калкка нан жана сүт азыктарын тартуулашты.

Серик Исагалиев, уюштуруучу:

Бул иш-чара Маңгыстау облусунда туристтик сезонду узартууга багытталган. Мындан тышкары, фестиваль өлкөнүн меймандостугун көрсөтүп, аймактын гастро-маданияты менен тааныштырды. Алдыда дагы 20 иш-чара уюштурууну пландап жатабыз. Алар жетинин, тогуздун айларына белгиленген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков