Казакстандын чыгышында жайгашкан Маркакөл мемлекеттик коругу ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар желесине кирди. Бул ушул тизмеден орун алган өлкөбүздөгү үчүнчү өзгөчө корголгон табигый аймак. Буга чейин планетанын «жашыл» стандартынын беделдүү катарын 2017-жылы Катонкарагай улуттук жаратылыш паркы толуктаса, 2020-жылы Батыш Алтай коругу кошулган. Серепчилердин пикринде, жаратылышты коргоо мекемесинин эл аралык биосфералык резерваттар желесине кошулуусу илимий долбоорлорду кеңири ишке ашырууга жол ачат. Маркакөл коругунун жалпы аянты 103 миң гектарды ээлейт. Ошондой эле, бул – Казакстандын эң суук бөлүгү. Мында жайында дагы түнкүсүн температура нөлгө чейин төмөндөйт. Флорасы менен фаунасы түркүн түрлүү.
Которгон: Назира Бегалиева