Казакстанда кар көчкүлөрдү байкоо боюнча маалыматтык система киргизилүүдө. Ал табигый кырсыктар көп кайталанган аймактарды байкап турат жана аларга эрте кам көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өлкөнүн чыгышында 3 заманбап станция курулмакчы. Аларга топтолгон бардык маалыматтар калың кар жаашы мүмкүн болгон кырдаалдык борборлорго жиберилип турат. Азыр аймакта жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон 9 участок катталган. Көбү Катон-Карагай менен Алтай аймагында. Ал жерде кыштын башталгандан бери 13 көчкү жүргөн.
Телгат Нурахмет, ӨКМ «Казселденкоргоо» бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу:
- Бул орнотуу Чыгыш Казакстан техникалык университетинин адистери тарабынан иштелип чыкты. Бүгүнкү күндө ал биздин өлкөнүн адистерине чоң жеңилдик берет. Кардын калыңдыгы, абанын температурасы жана башка табигый өзгөрүүлөр көрсөтүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

