Астанада медициналык-санитардык алгачкы жардам боюнча глобалдык конференция өтөт

Астанада медициналык-санитардык алгачкы жардам боюнча глобалдык конференция өтөт

Казакстанда дүйнөнүн мыкты дарыгерлери чогулушат. Борбор калаада тогуздун айынын 22си 23ү күндөрү медициналык-санитардык биринчи жардам көрсөтүү боюнча дүйнөлүк конференция өтөт. Салттуу жыйын быйыл Алматы декларациясынын 45 жылдыгына жана Астана декларациясынын 5 жылдыгына арналган. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри өкмөттө билдирди. Ажар Гинияттын айтымында, конференцияга ДССУнун башкы мүдүрү Тедрос Гебрейесус, ЮНИСЕФтин аткаруучу мүдүрү Кэтрин Рассел катышаары күтүлүүдө. Жалпысынан жыйынга дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн делегаттар келишерин ырастады. Масштабдуу иш-чара Казакстанга тармактын алдыңкы эл аралык тажрыйбасын киргизүүгө жол ачат.

Ажар Гиният, Саламаттыкты сактоо министри:
-Өткөн жылдан бери ДССУ бекиткен бейтапка багытталган принцип боюнча медициналык санитардык биринчи жардам көрсөтүүнүн алдыңкы практикалык долбоорлору ишке киргизилди. Быйыл аталган тажрыйбалар өлкө боюнча 48 клиникада ишке ашырылат. Көчмө медицина алыскы айыл тургундарын ден соолугуна  кам көрүү үчүн иштеп жатат.

Казакстанда ДССУнун сунуштарына ылайык амбулаториялык деңгээлдеги каржылоо артып келүүдө. Акыркы үч жылда консультациялык-диагностикалык жардамды камтуу 7 эсеге, МРТнын жеткиликтүүлүгү 6 эсеге, биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү дары-дармек менен камсыздоо эки эсеге өстү. 2025-жылдын аягына чейин 655 медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү жайларды куруу мерчемделген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков