Павлодар облусуна Түркмөнстанда жашаган казактар көчүп келишет

Павлодар облусуна Түркмөнстанда жашаган казактар көчүп келишет

Жыл аягына чейин 800дөн ашык этникалык мигрант Павлодар облусуна көчүп келет. Алардын дээрлик 600ү Түркмөнстандан тарыхый мекенине кайтмакчы. Кандаштар Аксу айыл аймагына эмитен эле отурукташа башташты.

Ескендирхан Сүикулов, көчүп келүүчү

- Карып баратабыз. Мен 67 жаштамын. Биз тарыхый мекенибизге кайтып келдик. Жакшы кабыл алышты. Турак-жай берип, жардам керсөтүшүүдө. Учурда менин максатым жумушка орношуу. Ал эми неберелерим казак тилинде билим алышкан.

Пилоттук миграция программасынын алкагында алар турак-жай менен камсыз болушат. Иш менен камсыз кылууга жергиликтүү бийлик жардам берет. Мындан тышкары, үй-бүлөлөргө миллион теңгеге жакын акчалай жардам көрсөтүлөт.

Орынгүл Отаганова, көчүп келүүчү:

- Кубанычымды сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Акыры тарыхый мекениме кайтып келдим. Балдар өз тарыхын, тегин, тилин билип, жакшы иштерди жасашын каалайм.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков