Улытау этно айылы

Улытау этно айылы

Ушунун бардыгы Улытауда мумкүн болду. Бул жерде этникалык айыл бар, анда коноктор салттуу тамактардын кайталангыс даамын татып гана тим болбостон, спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештерге да катыша алышат. Тактап айтканда - жырткыч канаттуулар менен аңчылык кылуу, жаа атуу боюнча өзүңүздү сынап көрүңүз. Уюштуруучулардын айтымында, бул долбоор көчмөндөр цивилизациясынын этномаданий чөйрөсүн таанытат.

Кайсар Амангелдиулы, Этно айыл долбоорунун негиздөөчүсү:

- Шубат бул жерде жергиликтүү. Кымыз, саамал да бар. Атайын төө, эчки багып жатабыз. Эчкинин сүтүн негизинен карылар ичет.

Улытау аймагында 700дөн ашык тарыхый эстеликтер бар. Алардын ичинен Жучи хандын күмбөзү өзгөчөлөнүп турат. Анын тик бурчтуу формасы бар. Эстеликтин аркасы кооз жасалган. Конструкциянын бирюза түстөгү кош мунарасы да бар. Тарыхый жер акыркы жылдары чоң өзгөрүүгө дуушар болгон. Аймак көрктөндүрүлүп, күмбөз комплекске айланган. Эми алар бул тарыхый-маданий жайды Алаш хан жана Домбауылдын күмбөздөрү менен байланыштырган жолду салышууда. Бийлик туристтик жайлардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө да көңүл бурган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков