Швейцария жана Казакстан живописинин симбиозу. Борбор калаада жашы менен менталитети эки башка болгон сүрөтчүлөрдүн - Гарольд Студер жана Юлия Москаленконун эмгектери коюлган уникалдуу көргөзмө ачылды. Чет элдик чебердин графикалык эмгектери казакстандык сүрөтчүнүн автопортреттик коллаждары менен толукталды. Уюштуруучулардын айтымында, эки өнөрпоздун ортосундагы диалогду түшүнүү үчүн, алардын сезимдерин жана айта турган ойлорун моюнга алууга даяр болуу керек. Белгилей кетсек, көргөзмө салтка айланган «Өнөр диалогу» долбоорунун алкагында коомчулукка сунушталды. Долбоордун негизги максаты - казак жана чет элдик сүрөтчүлөрдүн заманбап эмгектерин айкалыштыру болуп саналат.
Лейла Махат, көргөзмөнүн куратору:
- Бир караганда таптакыр башка эки сүрөтчү. Биринчиден, Гарольд Студердин жашы бир топ улуу, анын мезгили башка. Ал литография менен алектенген. Ошондуктан - бул башка дүйнө, башка мезгил, ал тургай башка мамлекет. Ал эми Юлия Москаленко - бул заманбап Казакстан, көзкарандысыздыктын курдашы, Казакстандын искусстводогу учурдагы образы. Бир жагынан, бул бири-бирине окшобогон эки башка искусство. Ал эми экинчи жагынан алганда, экөөнүн тең ою бир. Анткени аларда дүйнөнүн кадыр-баркы, руханий баалуулуктары жана адамдардын жан дүйнөсү канчалык назик экендиги тууралуу сүрөттөлөт.
Юлия Москаленко, сүрөтчү:
- Менин чыгармаларым - дүйнөдө эмне болуп жаткандыгын түшүндүрүүгө аракет кылган эмгектер. Биз ар дайым эле эмне болуп жаткандыгын түшүнө бербейбиз. Азыркы заманбап дүйнө көптөгөн тиркемелер жана социалдык тармактар менен айырмаланат. Ошондуктан мен өз чыгармачылыгым аркылуу дүйнөнү көрсөтүүгө аракет кылдым. Бирок, биз мунун бардыгын өзгөчө учур катары кабыл албайбыз. Бул биз үчүн кадыресе көрүнүш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков