Казакстанда теке айынын 1де жаңы социалдык кодекс күчүнө кирет

Казакстанда теке айынын 1де жаңы социалдык кодекс күчүнө кирет

Документ эл аралык стандарттарга ылайык иштелип чыккан. Мыйзам элдин жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн өлкөдө жүргүзүлүп жаткан түрдүү социалдык демилгелерди жөнгө салууга багытталат. Тактап айтканда, ишке орноштуруу, эмгекти коргоо, социалдык камсыздандыруу, турмуштук оор кырдаалда жардам көрсөтүү, карыларды колдоо сыяктуу актуалдуу социалдык маселелерди камтыйт. Өлкө өкмөтүнүн жыйынында казакстандыктардын жашоо сапатын жакшыртууга негиз болгон инновациялар талкууланды. Премьер-министрдин айтымында, Кодекстин маанилүү жаңычылдыктарынын бири пенсияларды этап-этабы менен жогорулатуу болуп саналат. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын үчтүн айынын 1нен 2027-жылга чейин базалык сумма орто эсеп менен 51%га өсөт. Башкача айтканда, мындай колдоо чаралары менен 2 миллиондон ашык адам камтылат. Ошондой эле өкмөт башчы жарандар пенсиялык активдердин жарымын ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө укуктуу экенин билдирди. Аманаттардын калган бөлүгү Бирдиктүү топтоо пенсиялык фондунда калат. Алихан Смаилов жооптуу адамдарга Социалдык кодексти натыйжалуу ишке ашырууну тапшырды.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

- Социалдык кодекске ылайык, Эмгек министрлиги жөлөк пулду көбөйтүүнү, алардын өз убагында жана толук бөлүнүшүн камсыз кылууга тийиш. Социалдык колдоо чараларын тактоо үчүн бир катар ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу зарыл. Учурда өкмөттүн 26 токтомунун 10у кабыл алынды. Эмгек министрлиги бул ишти кыска мөөнөттө бүтүрүп, бардык зарыл болгон токтом долбоорлорун Өкмөттүн бекитүүсүнө киргизиши керек. Үчүнчүдөн, Эмгек министрлиги акимияттар жана маалымат министрлиги менен биргеликте жаңы социалдык кодекстин жоболору боюнча кеңири масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

Жылуулук электр борборлорун жаңыртуу

Мындан тышкары, Өкмөттүн жыйынында өлкөнүн келе жаткан жылытуу мезгилине даярдык көрүү иши каралды. Кышкы мезгилге даярдык кызуу жүрүп жатат. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, Экибастуздагы ЖЭБди оңдоого өкмөттүк фонддон 7,4 миллиард теңге бөлүнгөн. Жалпысынан быйылкы жылы республика боюнча 10 энергоблок, 49 от казан жана 54 турбинаны комплекстүү модернизациялоо иштери мерчемделген. Башкармалыктын башчысынын айтымында, бул иштерди бештин айында аяктоо көздөлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков