2025-жылы атамекендик фармацевтикалык өнүмдөр өндүрүшү үч эсеге көбөйөт

Казакстанда жыл башынан бери атамекендик фармацевтикалык өнүмдөрдү өндүрүү көлөмү 18% өстү. Быйыл мамлекет жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча 47 узак мөөнөттүү келишим түздү. Бул иш келерки жылы дагы улантылып, аталган түрдөгү 79 келишим түзүлөт. Натыйжада, өндүрүлгөн препараттардын көлөмүн үч эсеге көбөйтүү пландаштырылууда.

Ошол эле учурда өлкөдө дары-дармектердин шайкештигин талдоочу 3 лаборатория бар экендигин белгилей кетүү керек. Ал эми аларды ачык пайдалануу үчүн ушул жылдан баштап "социалдык капчык" аркылуу электрондук түрдө берүү боюнча пилоттук долбоор ишке кошулду. Учурда ар бир төртүнчү рецепт ушул кызмат аркылуу ишке ашырылууда. Ошондой эле жакында эле бүткүл өлкө боюнча дары-дармек каражаттарын маркалоо жана көзөмөлдөө системасы киргизилди. Ошентип, 68 миллиондон ашык дары-дармектерди таңгактоо белгиленди.

Бүгүнкү күндө алардын 28 жарым миллиону жүгүртүүгө чыкты. Бул маанилүү демилгеге ата мекендик дары өндүрүүчүлөр, жеткирүүчүлөр, жеке дарыканалар жана 1800гө жакын медициналык уюмдар катышууда. 

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри: 

- Жакында дары-дармек каражаттарын маркалоо жана көзөмөлдөө иштери аяктады. Ал штрих-коддун жардамы менен дары-дармектин өндүрүүчүдөн бейтапка чейинки кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берди. Мурда жеткирүү чынжырын көзөмөлдөй алган жокпуз. Дарыканаларга контрафакттык жана сапатсыз препараттардын түшүү коркунучу болгон. Эми биз ооруканаларда жана клиникаларда дары-дармектердин кыймылын эркин көрүп отурабыз. Бул акысыз дары-дармектердин сыйзамсыз жүгүртулүшүнө жол бербейт. Башкача айтканда, бул маселеде тартип орнотулду.  

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков