Өзбекстанда Eco Expo Central Asia эл аралык көргөзмөсү өттү

Өзбекстанда Eco Expo Central Asia эл аралык көргөзмөсү өттү

Ташкентте Курчап турган чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика жылына карата Eco Expo Central Asia эл аралык көргөзмөсү өттү. Иш-чарага дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнөн келген тажрыйбалуу серепчилер, алдыңкы компаниялар, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Салттуу иш-чара «жашыл» трансформациянын, климаттык туруктуулуктун жана ресурстарды үнөмдөөнүн негизги багыттарын талкуулоо, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана алдыңкы экологиялык долбоорлор корголуучу маанилүү диалог аянтчасына айланды. Жыйында Арал аймагынын туруктуу өнүгүүсүнө, аймакта «жашыл» курулуш долбоорлорун колго алуу жана экологиялык багыттагы демилгелерге жаштарды тартууга өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар «жашыл» энергетика тармагындагы алдыңкы чечимдерди, суу ресурстарын башкаруу жана калдыктарды кайра иштетүүдөгү инновациялар менен жасалма интеллектке негизделген заманбап технологияларды сунушташты. Уюштуруучулар Eco Expo көргөзмөсүнө катышуу жаңы рынокторго жол ачарын, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жаңы дем берерин айтышат.


Вячеслав Ши-Сян, мамлекеттик экологиялык талдоо борборунун башкы мүдүрүнүн орун басары:


- Бүгүнкү күндө Өзбекстан экология, айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү боюнча активдүү иш жүргүзүп келет. Бул багытта европалык стандарттарга ылайык эл аралык институттар менен бир катарда келе жатабыз деп батыл айтууга болот. Экология маселесине жогорку деңгээлде көңүл бөлүнөт. Мамлекет башчысы быйыл экологиялык абалды жакшыртууга багытталган мамлекеттик программа кабыл алды.


Стелла Сын Ен-Ли, Өзбекстандагы глобалдык жашыл өнүгүү институту аймактык кеңсесинин башчысы:


- Биз Өзбекстандын аймактын «жашыл» өнүгүү концепциясын кабыл алганын жогору баалайбыз. Ага жараша, бул демилгени колдоп, өлкөдөгү «жашыл» климаттык иш-аракеттерди жандандырууга өз салымыбызды кошууга даярбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков