Өзбекстанда
өстүрүлгөн жүзүм сорттору тууралуу маалыматты мындан ары дүйнөлүк генетикалык
картадан көрүүгө болот. Өлкөнүн Илимдер академиясынын Геномика жана
биоинформатика борбору жүзүмдүн 10 сортунун геномун изилдеп, эл аралык маалымат
базасына киргизди. Бул документ алардын келип чыгышын тастыктоого мүмкүндүк
берип, башка өлкө окумуштууларына өзбек сортторун ар тараптуу изилдөөгө жол
ачат. Ошондой эле, мындай изилдөөлөр ар түрдүү жүзүмдүн жеке уникалдуу
генетикалык түрүн сактоого, климаттык шарттарга туруктуу жана жогорку
өндүрүмдүү жаңы түрлөрүн чыгарууга өбөлгө түзөт.
Илхом Салохиддинов,
Илимдер академиясынын Геномика жана биоинформатика борборунун лаборатория
башчысы, Өзбекстан:
- Өзбек жүзүм сорттору европалык сорттордон башкача өнүккөн. Европада селекция негизинен шарап сортторуна багытталса, Борбордук Азияда, анын ичинде Өзбекстанда, көбүнчө ашкана сорттору өстүрүлгөн. Алар кургак жана ысык климат шарттарында калыптангандыктан, европалык сортторго караганда чыгыш сорттору, анын ичинде өзбек жүзүмү ысыкка жакшы ыңгайлашкан. Өзгөчө генге ээ болгондуктан, бул аларды климатка туруктуу кылып эле койбостон, өзгөчө даам берген касиеттерин да аныктайт. Өзбек сорттору дүйнөдө жогору бааланат.
Серепчилердин айтымында, илимий негизделген селекция эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү өнүм өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Өзбекстан ички рыноктун суроо-талабын толук камсыз кылгандан сырткары, жүзүмдү чет өлкөлөргө да кеңири экспорттойт. Учурда өнүм 21 өлкөгө жөнөтүлөт, ал эми экспорттун жалпы көлөмү 245 миллион долларды түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

