Орусиянын соту Каспий куур консорциумунун ишин токтотуу тууралуу чечимин өзгөрттү. Краснодар облустук соту Новороссийск шаарынын Приморск райондук сотунун чечимине каршы арызды карап, аны консорциумга 200 миң рубль административдик айып салуу менен алмаштырды. Чечим мыйзамдуу күчүнө киргенин Краснодар крайы сотторунун биргелешкен басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, буга чейин Новороссийск шаарынын Приморск райондук соту консорциумдун ишин 30 күнгө токтотуу чечимин чыгарган. Өз кезегинде консорциум убактылуу чектөө боюнча апелляциялык сотко кайрылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков