Астананын экономикасында инвестициялардын көлөмү 632 миллиард теңгеден ашты

Астананын экономикасында инвестициялардын көлөмү 632 миллиард теңгеден ашты

Астана инвестицияларды тартууда. Биринчи жарым жылдыкта 632 миллиард теңгеден ашты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13 пайызга көп. Борбордун 6 ай ичиндеги социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсү тууралуу Касым-Жомарт Токаевге аким Женис Касымбек маалымат берди. Анын айтымында, бардык негизги экономикалык көрсөткүчтөр боюнча оң динамика белгиленүүдө. Кайра иштетүү өнөр жайы, медицина, билим берүү, транспорт жана логистика тармактарында долбоорлор жигердүү ишке ашырылууда. Президент ошондой эле мектептердин, медборборлордун курулушу жана турак жай конуштарын өнүктүрүү тууралуу маалымат алды. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчы борборду мындан ары өнүктүрүү жана V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдоо боюнча бир катар милдеттерди койду.


Женис Касымбек, Астана шаарынын акими:


- Президентке жылытуу мезгилине карата даярдыктар тууралуу айтып бердим.  Өткөн жылы биз кошумча 3 объект киргиздик. Бул ЖЭБ-3, ГТК-2 (Гидротехникалык курулма). Алардын жардамы менен кошумча 1 миңден ашык гигакалория иштелип чыкты. Ошондуктан, бизде азыр бир нече жылга резерв бар. Бул иш уланып жатат. Мындан тышкары, жаңы окуу жылына даярдык жөнүндө отчёт бердим. Пландарга ылайык, 20дан ашуун жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Ал эми үч жылдын ичинде 60тан ашык окуу жайлар иштеп баштайт.


Которгон: Илгиз Жамалбеков