Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери онкологиялык ооруларга байланыштуу маселелер боюнча акысыз кеңеш беришет. Суроо-жооп иш-чарасы социалдык тармактарда уюштурулат. Мекеменин расмий сайтында маалымдалгандай, амбулатордук шартта онкологиялык ооруга шектелген бейтаптарды консультациялоо жана текшерүү «жашыл коридор» боюнча - жалпы кезексиз жана чектөөлөрдөн тышкары он сегиз жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Онкологияга шектелген учурда МРТ жана КТ акысыз жүргүзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков