Казакстандык студенттер залалдуу шишикти дарылоонун жаңы ыкмасын иштеп чыкты

Казакстандык студенттер залалдуу шишикти дарылоонун жаңы ыкмасын иштеп чыкты

Казакстандык студенттер көкүрөк рагын дарылоонун уникалдуу ыкмасын иштеп чыгышты. Бул ыкма адам денесинде жашаган бактерияларды колдонуу менен жүргүзүлөт. Жаш окумуштуулардын айтымында, залалдуу шишикке каршы атайын формуланы иштеп чыгуу оңой болгон эмес. Бирок, студенттердин жыл бою ушул багытта жүргүзгөн көптөгөн изилдөөлөр өз жемишин берди. Инновациялык дары "Санагель" деп аталды. Препарат адам организминде илдетти жуктурган клеткаларды жок кылууга жөндөмдүү.

 

Томирис Кудасова, долбоордун катышуучусу:

-Долбоордун негизги баалуулугу-биз Escherichia coli бактерияларын негиз катары алганыбызда. Тагыраак айтканда, бул ичеги таякчасы бактериялары. Биз аларды ракка каршы пептидди синтездөө үчүн генетикалык жактан өзгөрттүк. Бул сүт бези рагына сезгич дени сак клеткаларга таасир этпейт, башкача айтканда уулуу эмес. Ошентип, биз оорулуу клеткалардын өзүн-өзү жок кылуу механизмин киргиздик.

 

Атамекендик препарат онкология жаатында дүйнөдөгү эң мыкты долбоор деп табылды. Атайын сыйлык Францияда өткөн iGEM эл аралык синтетикалык биология боюнча тапшырылды. Казакстандык катышуучулар 50дөн ашуун өлкөнүн, анын арасында  Harvard, Oxford жана MIT сыяктуу беделдүү ЖОЖнын изилдөөчүлөр тобунан алдыга озуп чыкты.

 

Ернур Кенжегазин, долбоордун катышуучусу:

- Биздин университет мындай долбоорду глобалдык деңгээлде сунуштаган Борбор Азиядагы жалгыз жогорку окуу жайы болуп саналат. Биз эмчек рагы боюнча уникалдуу долбоорду сунуштадык. Бул келечектеги изилдөөчүлөр үчүн залалдуу шишик менен күрөшүүнүн негизи болушу мүмкүн. Алар биздин иштеп чыгууну негиз катары алып, долбоорду андан ары өнүктүрө алышат.

 

Ошондой эле, казакстандык студенттер "мыкты жабдык" сыйлыгына ээ болушту. Алар «NanoX» аппаратын өздөрү крушатырды. Бул лабораториялык эритиндилерди даярдоону автоматташтырууга мүмкүндүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков