Коронавируска каршы эмдөөнүн толук курсунан өткөн казакстандыктар менен катар, айрым чет элдиктер өлкө аймагына кирүү үчүн милдеттүү ПЧР-тест тапшыруунун кажети жок. Бул эмдөө паспорту өз ара таанылган 30 өлкөнүн жашоочулары үчүн жаңы эреже. Жашыл жана көк макамы бар адамдарга бардык объектилерге кирүүгө уруксат берилет. Мындан ары уюмдар менен кеңселерде алыстан иштөөнүн зарылчылыгы жок. Илдеттин белгилери жок болгон шартта байланышта болгон адамдарды үй карантинине обочолонуу токтотулду. Ашык тиркемесинин сары макамы алынып салынды. Саламаттык сактоо министри Ажар Гиният Казакстанда эпидемиологиялык абал турукташкандыктан карантиндик чаралар жумшартылганын билдирди. Анын айтымында, акыркы бир айда өлкөдө коронавирус инфекциясынын орточо суткалык көрсөткүчү 34 эсеге азайган.
Ажар Гиният, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:
- Калктын аялуу катмарын эмдөө жана ревакцинация менен камтууну жогорулатуу максатында, Казакстанда бардык топтогу майыптарды вакцинацилоонун бардык түрлөрү, анын ичинде Файзер вакцинасын колдонууга уруксат берилди. Ошондой эле, 50 жаштан ашкан адамдарды ревакцинациялоо үчүн чет өлкөдө биринчи компонентти алган адамдарга эмдөөнүн алгачкы курсун аяктоо үчүн Файзер вакцинасын колдонууга уруксат берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков