Ооганстанга гуманитардык миссияга аттанган казакстандык
дарыгерлер өлкөгө кайтып келишти. Борбор калаанын аэропортунда аларды
кесиптештери, туугандары жана ЖМК өкүлдөрү тосуп алышты. Эске сала кетсек, жетинин
айынын башында Ооганстанда катуу жер титирөө болгон. Казакстан Президентинин
тапшырмасы менен өлкөнүн үч медициналык борборунун мыкты адистеринен атайын
бригада түзүлдү. Анын курамына анестезиолог-реаниматологдор, хирургтар жана
башка тез жардам көрсөтүүчү дарыгерлерден турган 15 тажрыйбалуу адис кирди. Алар
кырсык болгон аймакта 40тан ашык татаал операция жасап, жаракат алгандарга тез
арада кесиптик жардам көрсөтүштү. Казакстандык дарыгерлер өздөрү менен бирге
алдыңкы үлгүдөгү жабдууларды жана бардык керектүү шаймандарды ала барышканын
белгилей кетүү керек. Мындан тышкары, алар жергиликтүү кесиптештерин окутуп,
квалификациясын жогорулатууга көмөктөштү. Ооганстанга Казакстандан дарыгерлер
менен бирге дары-дармек, чатырлар сыяктуу керектүү буюмдар жүктөлгөн 18 тонна
гуманитардык жүк жеткирилди.
Олжас Бекарысов, нейрохирург дарыгер:
- Биз өзүбүз менен кошо Елизаров аппаратын алып бардык. Дал ушул аппараттын
жардамы менен жаракат алган адамдарга шашылыш операциялар жасалды. Себеби
жаракаттан кийин көптөгөн инфекциялык татаалдашуулар болот. Биз ошондой эле
жергиликтүү кесиптештерибизди окуттук. Ооган дарыгерлерин окутуу боюнча бир
катар келишимдер бар. Биз аларды квалификациясын жогорулатуу үчүн Казакстанга
чакырдык.
Рустам Салимов
гуманитардык миссиянын эң жаш адиси. Ага карабастан,
Улуттук медицинаны координациялоо борборунун урологу чектелген ресурстар
шартында жогорку кесиптик чеберчилигин көрсөтүп, өтө татаал нефрэктомия
операциясын ийгиликтүү жасады.
Рустам Салимов, улуттук тез жардам медицинасын координациялоо борборунун дарыгер-урологу:
- Биринчи кезекте шашылыш медициналык жардамга муктаж заара чыгаруу системасынын жаракаттары менен түшкөн оорулууларда болду. Аларга дароо операция жасоо керек болчу. Бирок бул өтө оор операцияга керектүү медициналык жабдуулардын жетишсиздигине туш болдук. Ушундай оор кырдаалда бейтаптарды дарылоонун башка жолун издөөгө аргасыз болдук. Ага карабастан, өзгөчө кырдаалда керектүү медициналык шашылыш жардамдын баары жасалып чыкты.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

