Казакстан коронавируска чалдыккандардын санынын күн сайын көбөйүшү боюнча өзүнүн анти-рекордун жаңылады. Өткөн суткада өлкөдө COVID-19 илдетинин 4 375 жаңы учуру катталды. Анын үстүнө, жаңы учурлардын төрттөн бири Казакстандын борборуна туура келүүдө. Алматы шаарында 640 бейтап, ал эми үчүнчү орундагы Караганды облусунда 589 ковид бейтабы ырасталган. Жалпысынан, пандемия башталгандан бери республикада 466 миңден ашуун адам кооптуу илдетти жуктуруп алышкан.
Ошол эле учурда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 45 миңден ашуун казакстандыктар коркунучтуу вируска каршы дарыланып жатышат. 880 бейтаптын абалы оор. Алардын 116сы өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков