Казактын улуттук обонун созгон музыкалык кутуча – уникалдуу белек

Казактын улуттук обонун созгон музыкалык кутуча – уникалдуу белек

Казактын улуттук обону угулган музыкалык кутуча – үйүнүн төрүндө казак маданиятынын бир бөлүгү болуусун каалагандар үчүн эң сонун азем белек. Анын ичинде, албетте, туристтерге. Азыркы учурда аталган буюмду дүйнөнүн булуң-бурчунан жүздөгөн адам сатып алууга жетишкен. Өзгөчө белектин автору Адил Закеновдун айтымында, буйрутмалар үстү-үстүнө келип түшүүдө. Белгилей кетсек, мындай өзгөчө идея кол өнөрчүгө Европада жүргөндө келген.

Адил Закенов, музыкалык кутучалардын автору:

- Алгач казак элинин улуттук ыры “Илигайды” жасагым келип жүргөн. Бир үлгүсүн жасап көрдүм. Аны досторума угуздум. Тилекке каршы, ырдын маңызын, маанисин эч ким түшүнгөн жок. Кутучанын негизги өзгөчөлүгү - анда баш-аягы 18 нота бар. Ошондуктан, бардык эле музыка туура келе бербейт.

Азырынча кутучада бир гана ыр – “Көзүмдүн карасы” ырдалат. Ата мекендик кол өнөрчүнүн кийинки планы санын мындан да көбөйтүү. Биринчиден, албетте, улуттук ырларга артыкчылык берилет. Негизгиси – ички механизмди обонду туура аткарууга ылайыкташтыруу.

Марк Брюшко, кабарчы

- Кутучанын эки түрү жасалат. Ушундай болуп жана чоңу бар. Жыгачтан оюлуп, оюм-чийим менен кооздолгон. Аны ачсаң “Көзүмдүн карасы” деген ырды угууга болот.

Музыкалык кутучалар менен катар Адил Закенов өзүнүн сүрөтчү кесиптеши менен биргеликте казактын салттуу оймо-чиймелери менен кооздолгон,  улуттук үлгүдө түшүрүлгөн куттуктоо каттарын басып чыгарат. Бүгүнкү күндө алар көпчүлүккө таанымал.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков