Омикрон штаммынын дельтага караганда кайрадан жуктуруу кооптуулугу 5,4 эсеге жогору

Омикрон штаммынын дельтага караганда кайрадан жуктуруу кооптуулугу 5,4 эсеге жогору

«Омикрон» штаммынын кайра жуктуруп алуу коркунучу жогору. Лондондук окумуштуулардын жакында жүргүзгөн изилдөөсү дельта версиясына караганда кайта жуктуруу 5,4 эсе көп экенин көрсөттү. Алардын айтымында, «омикрондон» толук айыккандан кийин да илдеттин бул түрүнөн коргоо көрсөткүчү 19% түзгөн. Дагы бир изилдөөлөр мындай бейтаптарда дельта штаммына каршы төрт эсе күчтүү болгон супериммунитет калыптана тургандыгын болжолдошууда. Ал эми бул келечекте пайда болушу мүмкүн болгон штаммдарга тиешелүү деп айтылат. Биринчи кезекте буга коронавируска каршы эмдөө жардам берет. Деген менен «илдеттин жакшысы жок», дегендей этият болуунун бирден-бир жолу бардык санитардык талаптарга көңүл буруп, организмге пайдалуу витаминдерди ичкенге көңүл буруу керек, дешет жергиликтүү адистер.

Ержан Байтанаев, Казакстандын ССМнин санитардык эпидемиялогиялык көзөмөл комитетинин расмий өкүлү:

- «Омикрон» штаммынын эң жаман өзгөчөлүгү - бир тийгенде 5-4 эсе жугат. Мындан тышкары, бул абдан тез жугат. Мисалы, сиз адам менен сүйлөшпөй, жөн гана жанынан өткөн болсоңуз да омикрон штаммы жугушу мүмкүн. Ошондуктан бардык жарандар беткап тагынып, бардык талаптарды аткарышы зарыл. Вакцина алдым, жаңы эле ооруп айыктым, алты ай оорубайм деген кептердин баары чындыкка дал келбейт. Бүгүн ооруп калгандан кийин да сак болбосоңуз, кайра илдетти жуктуруп алышыңыз мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков