Эксперт: Коронавирустун жаңы штаммдары көбөйөт

Эксперт: Коронавирустун жаңы штаммдары көбөйөт

Коронавирустун дагы жаңы штаммдары болушу мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин балдар инфекциясы боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Динагүл Баешева билдирди. Анын айтымында, мутациялар бардык микроорганизмдердин жашоосунун өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөт. Мисалы, сасык тумоо да өзүн ушундай эле жол менен алып жүрөт. Дарыгер эч кандай каршы көрсөтмөсү жоктордун баарын эмдөөгө чакырды. Айрыкча өнөкөт оорулары бар калктын категориясы. Азыр казакстандыктар үчүн вакцинанын үч түрү бар - QazVac, Sinopharm жана Pfizer. Эске салсак, Казакстанда бүгүнкү күндө Omicron штаммынын субварианты - BA5 активдүү жүрүүдө. Бул жеңил, бирок өтө жугуштуу. Анын белгилери суук тийгенге окшош: тамак оору, жүрөк айлануу, алсыздык жана дене табынын көтөрүлүшү.

Динагүл Баешева  КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин балдар инфекциясы боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси

- Азыр жаңы штаммдар пайда болду. «Стелс омикрон», BA4 жана BA5 түрчөлөрү, AB1 жана AB2, «кентавр» бар дейли. Башкача айтканда, алардын саны көп. Алдыда дагы көп болот. Эмдөө алсаңыз, ооруп каласызбы? Ооба, ооруп калышыңыз мүмкүн. Анткени сиз эмдөө алган штамм менен туура келбей каласыз. Бирок, ошентсе да, антителолор денеде кала берет. Ал жалпысынан коронавирустун тукуму менен күрөшө алат.

 

Которгон: Клара Кудайбергенова