Өкмөт: коронавирус коркунучу басаңдай элек

Өкмөт: коронавирус коркунучу басаңдай элек

Казакстанда коронавирус инфекциясынын коркунучу жогору бойдон калууда. Эпидемиологиялык баалоо матрицасына ылайык, Казакстан кулжа айынын 26 бери «кызыл» аймакта. Бул анти-макам Түркстандан башка бардык аймактарга тиешелүү. Баш оона айынын 3нө карата жугуштуу оорулардын 56%ы жана жандандыруу керебеттердин 44%ы бош эмес. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында билдирди. Тармак башчысы көпчүлүк элдер чогулган жерлерде карантиндик талаптарды бузуу фактылары аныкталганын айтты.

Алексей Цой, КРнын Саламаттыкты сактоо министри:

- Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук министрлигинин маалыматы боюнча, теке айынын 10нан бери 16 663 эреже бузуучулар аныкталган, анын ичинен 10 305 адам «кызыл» макам менен, 6358 адам «сары» макамы менен коомдук жайларга баргысы келген. Ошентип, 16 миңден ашык объектилерде калктын коронавирус илдетин жуктуруусуна жол берилбеди.

Мониторинг топтору «Ашык» долбоорун иштеткен объектилерди текшерүү учурунда 642 мыйзам бузууну аныкташты. Ошол эле учурда премьер -министр Аскар Мамин абалды катуу көзөмөлдө кармап, алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

- Региондордун акимдери жана Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык ооруканалардын, баштапкы пункттардын, мобилдүү топтордун жана ПЧР-лабораторияларынын үзгүлтүксүз иштешин, дары-дармектердин жана коргоочу шаймандардын жеткиликтүү болушун камсыз кылышы керек. Ошондой эле, Ички иштер министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлиги санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузууларды көзөмөлдөө жана аныктоо боюнча мониторинг топторунун ишин күчөтүшү зарыл.

Адистер эпидемиянын жайылышын токтотуунун бирден бир жолу массалык эмдөө өнөктүгү экенин дагы бир ирет эске салышат. Бүгүнкү күндө эмдөөдөн өтүүчү адамдардын 55,4% биринчи компонентин алышты. Болжол менен 40% иммундаштыруунун толук курсунан өтүштү. Дагы 4 миллион адамды эмдөө үчүн кошумча 8 миллион дозаны жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков