Коронавирус адамдын мээсине таасир этет. Мындай тыянакты америкалык окумуштуулар чыгарганын ScienceAlert интернет-илимий басылмасы жазып чыкты. Кеңири масштабдуу изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, илдеттин жеңил же орточо өтүшү да адамдын нерв системасынын өзгөрүшүнө жана боз заттын бир аз жоголушуна алып келет. Авторлор 51-81 жаштагы 800гө жакын адамдын мээсин изилдеп чыгышкан. Орто эсеп менен окумуштуулар алардын акыл-эс жөндөмүн аныктоо үчүн үч жылда бир жолу алардын мээсин текшерип турушкан. Изилдөөлөр азыр бул байкалган өзгөрүүлөр канчага созулаарын жана аларды артка кайтарууга болорун көрсөтүшү керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков