Астанада «Жаркыраган жомоктор» аттуу атайын жыйнактын бет ачары болду. Китептин мазмуну абдан бай жана окурмандын сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн өстүрөт. Мисалы, бир нече окуялар гендердик стереотиптер боюнча туура позицияны калыптандырууга алып келет. Ошондой эле жаратылышты коргоо, сергек жашоо образын сактоо, меймандостук, башкалар менен тең укуктуу жана адилет мамиледе болуу, үй-бүлөлүк баалуулуктар боюнча темалар талкууланат. Мамлекеттик тилде жарык көргөн жыйнак 5 жаштан 12 жашка чейинки окурмандарга арналган.
Мария Доценко, Казакстандагы «БУУ-аялдар» түзүмүнүн өкүлү:
- Бул китепте кыздын да, жигиттин да баатыр болоору тууралуу кыскача баян бар. Башкача айтканда, калыптанып калган стереотиптерди бузуп, көз караштын башка жагын көрсөтүп жатабыз. Жаш окурмандар да, алардын ата-энелери да ушундай китептерди окуп, адабият, жомоктордон ырахат алып, кыздар менен аялдардын укугу балдар менен эркектердин укугу бирдей экенин түшүнөт деп ишенебиз. Башкача айтканда, бул китеп бир жагынан кичинекей балдарга арналгандай көрүнгөнү менен мааниси терең.
Белгилей кетсек, “Жаркыраган жомоктор” жыйнагы балдар үчүн китеп нускасында да, аудио форматтагы мобилдик тиркемеде да жеткиликтүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков