Аяк оона айынын 1де өлкөдө жаш
жеткинчектер 52 жаңы мектептин босогосун атташат. Жыл аягына чейин дагы 102
билим берүү борбору эшигин ачат. Бул авариялык жана үч нөөмөттүү мектептердин
көйгөйүн чечүүгө өбөлгө түзөт, деди билим берүү министри өкмөттүн жыйынында.
Гани Бейсембаев адаттагыдай эле балдардын коопсуздугун камсыздоого артыкчылык
берилип жатканын айтты. 3 миңден ашык билим берүү уюмдары ички иштер
органдарынын оперативдүү башкаруу борборлоруна туташтырылган. Анын айтымында,
лицензиялык коопсуздук кызматтары менен камсыздалган жана сигнализация
баскычтары менен жабдылган билим берүү борборлорунун саны дээрлик эки эсеге
көбөйгөн. Жалпысынан быйыл 3,9 миллион окуучунун 364 миңи биринчи жолу мектепке
барат. Мамлекет башчынын буйругу менен жаңы окуу жылынан баштап 1,5 миллионго
жакын башталгыч класстын окуучулары бекер тамактанышат.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
Облустук акимчиликтер муктаж болгон балдарга 100% мамлекеттик колдоо көрсөтүшү керек. Алыскы айылдарда мектеп жарманкелерин, көчмө автодүкөндөрдү уюштуруу зарыл. Акимчиликтер, Билим берүү, соода жана өнөр жай министрликтери менен «Атамекен» палатасы окуу материалдарынан, ошондой эле мектеп формасына жеткиликтүү бааны камсыздоо маселесин иштеп чыгышы керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков