Казакстандын тарыхы тууралуу маалымат берүүчү улуттук бренд. Борбор калаанын тургуну Данияр Балташев өлкөнүн уламыштарын даңазалаган кийимдерди чыгарат. Бул үчүн эң заманбап ыкманы колдонуп, көйнөктөрдүн үстүнө QR кодун басууда. Эгер сканерлесеңиз, анда каармандын өмүр баяны жана ага байланыштуу тарыхый маалыматтар жүктөлгөн сайтта шилтемени көрөсүз. Долбоордун автору өзүнүн биринчи жыйнагын "Абылай хан" деп атаган.
Данияр Балташев, долбоордун автору:
- Кийип турган көйнөгү "Абылай хан" коллекциясынан. Анын курамына 12 инсан кирет. Алар Керей менен Жанибек, Кенесары, Абылай хан, ошондой эле интеллигенция өкүлдөрүнөн Алихан Бөкейханов, Ахмет Байтурсынов, Сакен Сейфуллиндер. Акындар, окумуштуулар да бар. Шокан Валиханов, Абай Кунанбай уулу, Букар Жырау. Советтик мезгилдин ишмерлеринин арасында Алия Молдагулова, Бауыржан Момышулы, Динмухамед Кунаев бар.
Атайын көйнөктөргө суроо-талап жогору. Жакында ал Казакстандын байыркы шаарлары жана тарыхый окуялары тууралуу маалымат берүүчү балдарга арналган QR-кийимдердин коллекциясын чыгарууну пландоодо.
Данияр Балташев, долбоордун автору:
- Мен өз өлкөмдүн тарыхы менен сыймыктанам. Акыркы жылдарда эл арасында улуттук оймо-чийме түшүрүлгөн буюмдарга кызыгуу күч алууда. Көптөр өлкөнүн тарыхын билгиси келет. Кардарлардын арасында чет элдиктер да бар. Биз бул көйнөктөр аркылуу Казакстандын тарыхын жайылтуунун дагы бир жолун издеп жатабыз.
Демилгелүү ишкер келечекте өндүрүшүн кеңейтүүнү көздөөдө. Ал долбоордун ийгиликтүү болушуна абдан ишенет. Анткени Улуу Талаа өлкөсүнүн тарыхынын таалим-тарбиялык мүнөзү көпчүлүккө жагаарында шек жок - дейт Данияр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков