Өкмөттө Казакстан суу кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Өкмөттө Казакстан суу кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Мындай тапшырманы Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов өкмөттүн кезектеги жыйынында берди. Бул чаралар суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга шарт  түзөт. Ошону менен бирге Өкмөт башчы компетенттүү мамлекеттик органдарга гидрогеологиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну, жер астындагы суулардын мониторингин автоматташтыруу жана башка геомаалыматтык технологияларды киргизүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды. Мындан тышкары суу ресурстары боюнча алдыңкы илимий жана билим берүү уюмдарынын консорциумун түзүү пландары каралды. Атап айтканда, бул илимий борбордун иши тармактык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу менен бардык адистештирилген институттардын дараметин бириктирүүгө мүмкүндүк берери  айтылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков