БУУ Украинага гуманитардык жардамга болжол менен 2 миллиард доллар сурап жатат

БУУ Украинага гуманитардык жардамга болжол менен 2 миллиард доллар сурап жатат

Бириккен Улуттар Уюму Украинага чукул гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча эки чоң программаны ишке киргизди. Алардын бири жаңжал болгон аймактагы адамдарды түздөн-түз колдоого багытталган. Экинчиси, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон украиналыктарга көмөктөшүү. БУУнун баш катчысынын айтымында, бул максаттар үчүн 2 миллиард долларга жакын каражат керек. Эки программа тең дары-дармектерди, ичүүчү сууну, палаталарды жана коргоочу шаймандарды сатып алууну камтыйт.

Мартин Гриффитс, БУУнун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары:

- Өлкөнүн аялуу катмарына кирген 6 миллион украиналык үч айда 1,1 миллиард долларга муктаж. Канча деген адам пенсия ала албай жатат. Көптөгөн тургундар медициналык жардамдан куру калышты. Чогулган акчага өлкөгө жана коңшу өлкөлөргө качкан украиналыктарды тамак-аш, баш калкалоочу жай менен камсыз кылабыз. Медициналык жардам көрсөтөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков