Алматы облусуна жылына 1,2 миллион турист келет

Алматы облусуна жылына 1,2 миллион турист келет

Бир жылдын ичинде аймактын кооз жаратылышынан ырахат алуу үчүн 1 миллион 200 миңдей адам келет. Саякатчылардын көбү Орусия, Кытай, Өзбекстан, Кыргызстан жана Индиядан келгендер. Мындан тышкары туристтер арасында Түркия, Түштүк Корея, Германия, АКШ, Франция, Италия, Гонконг жана Жапониядан келген туристтер бар. Бул тууралуу Алматы облусунун Туризм департаменти билдирди. Ошондой эле туристтик багыттардын саны бир топ көбөйдү. Бүгүнкү күндө алардын саны 120дан ашты. Туристтик муршруттар билим берүү, экологиялык, орнитологиялык, санаториялык-курорттук, этнографиялык саякаттарга багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков