Казакстандык окумуштуулар картаюуга каршы жаңы дары ойлоп табышты

Казакстандык окумуштуулар картаюуга каршы жаңы дары ойлоп табышты

Казакстандык окумуштуулар картаюуга каршы жаңы дары ойлоп табышты. Дары жүзүмдөн алынган органикалык кошулмалар - полифенолдорго негизделген. Окумуштуулар алардын организмге тийгизген таасирин 10 жылдай изилдешкен. Натыйжада алар жүзүмдүн курамындагы полифенолдор табигый өзгөрүүлөргө тоскоол болот деген жыйынтыкка келишкен. Органикалык кошулма сөөктүн морттугуна, салмак кошууга жана кан басымдын жогорулашына каршы натыйжалуу экени аныкталган.

Александр Гуляев, Жашоо тууралуу илимий борборунун алдыңкы илимий кызматкери:

- Биз жүзүмдүн түрдүү сортторун сынап көрдүк. Андан кийин бизге керектүү полифенолдун өлчөмү менен эки сорт тандалып алынды. Бул ата мекендик селекциянын саперави жана каберне-совиньон сорттору. Алар өлкөнүн түштүгүндөгү көп жылдык Казакстан селекциясы.

Окумуштуулардын пикири боюнча, препарат аллергия, боор же уйку безинин курч сезгенүү ооруларын кошпогондо, баарына ылайыктуу болуп саналат. Кош бойлуу жана бала эмизген энелерге ичүүгө болбойт.

Шыңгыс Сергазы, National Laboratory Astana борборунун улук илимий кызматкери:

- Препаратты 20-25 жаштан баштап ичсе болот. Адам организми антиоксиданттарды сиңирүүгө жол бербеген кезде жана алардын балансын калыбына келтирүү зарыл болгондо ичүүнү сунуштайбыз. Эгерде адам чөп-чарды аз өлчөмдө колдонсо, өнүмдү биологиялык активдүү тамак-аш кошумчасы катары да колдонсо болот.

«Жүзүм» эликсири Жезказгандагы заводдо чыгарылат. Жакынкы арада ата мекендик өнүмдөр медициналык борборлорго жеткирилет. Ал эми келечекте полифенолдорду косметологияга киргизүү да мерчемделүүдө. Орусия менен Кыргызстан ата мекендик илимпоздордун долбооруна кызыктар экенин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков