Борбор калаада карантин күчөтүлөт. Шаардын башкы санитардык дарыгеринин жаңы буйругуна ылайык, соода борборлорунун иш тартиби өзгөрүлөт. Эми аталган жайлар эртең мененки саат ондон кечки бешке чейин гана иштейт. Аймакта эмдөө пункттары болгонуна карабастан, дем алыш күндөрү бардык соода жана көңүл ачуучу борборлор жабык болот. Дарыкана жана азык-түлүк дүкөндөрүндө гана иштөөгө уруксат берилет. Кафелер тамак-аш жеткирүү үчүн гана кызмат кылышат.
Ошондой эле «Ashyq» долбооруна кирген тамактануу жайларынын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берилет. Эми кафе жана ресторандар күн сайын кечки саат сегизге чейин, ал эми дем алыш күндөрү 22ге чейин меймандарды кабыл алат. Жамааттык жана майрамдык иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Адам көп жүргөн убакытта автобустардын саны көбөйтүлүп, ал эми коомдук транспорттор жекшемби күндөрү каттабайт. Мамлекеттик уюмдар, улуттук компаниялар жана менчик түрүнө карабастан, бардык ишканалардын кызматкерлеринин кеминде 80% аралыктан иштөөгө өтөт. Эгерде кызматкерлер эмдөөдөн өтүшсө, анда алар бул талапты аткарууга милдеттүү эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков