Акыркы жумада дүйнө жүзү боюнча маймыл чечегине чалдыккандардын саны 20% га кыскарды. Европада илдет басаңдап баратат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди. Уюм берген маалыматка караганда, жаңы учурлардын 60%га жакыны Америка континентиндеги өлкөлөргө таандык. Ал эми калган 40% Европада тастыкталган. Маймыл чечегине каршы вакцинага келсек, учурда ДССУ алардын эффективдүүлүгүн изилдеп жатат. Өз кезегинде эл аралык уюмдун башкы мүдүрү Тедрос Адханом Гебрейесус өкмөттү улгайган адамдарды, медицина кызматкерлерин жана тобокелдик тобуна кирген бардык адамдарды эмдөө иштерин активдештирүүгө, ошондой эле калктын 70%ын иммунизациядан өтүүгө чакырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков