Европада коронавирустун дельтакрон штаммы аныкталды

Европада коронавирустун дельтакрон штаммы аныкталды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европада коронавирустун дельтакрон штаммы пайда болгонун тастыктады. Бул штаммды кипрлик окумуштуулар үчтүн айынын башында аныкташкан. Эл аралык мекеменин өзгөчө кырдаалдар департаментинин техникалык тобунун жетекчиси Мария ван Керкхове белгилегендей, жаңы гибрид «дельта» жана «омикрондун» айкалышынан пайда болгон. ДССУ секвенирлөө учурунда үлгүнүн булганышынан келип чыккан ката болушу мүмкүн деген болжолду жокко чыгарбайт. Бирок бүгүнкү күндө дельтакрон Францияда, Нидерландыда жана Данияда катталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков